Сауд Аравиясынан кыргызстандыктар учуп келди

  • 4 года мурун

1-июлда “Манас” эл аралык аэропорту «Flynas» авиакомпаниясынын «Даммам-Бишкек» маршрутунун чартердик каттамын тосуп алды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кыргызстандын 121 жараны мекенине кайтып келди. Алардын көпчүлүгү окуу жайларда окуган студенттер.

Бул авиакаттам менен Сауд Аравиясынан Казакстандын 39 жараны да учуп келип, алар «Манас» аэропортунан Казакстанга атайын транспорт менен жеткирилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты