​Жээнбеков: Абдан өкүнүчтүүсү-биз мыктылардан айрылып жатабыз

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

«Акыркы апталарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти, биздин кайраттуу медициналык кызматкерлерибиздин мойнуна эки эсе жүк түштү. Абдан өкүнүчтүүсү, бул күрөштө биз алардын эң мыктыларынан айрылып жатабыз» деп белгиледи мамлекет башчы.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында –879 учур катталды. Алардын ичинен 446 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты