​Жээнбеков: «Карантин режимине азырынча барбайбыз»

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Жогорку Кеңеш жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышты. Ал пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусунда карантин режимине азырынча өтпөйбүз деп белгиледи.

-Бирок, кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз.

Экономикалык ишмердик чектелбегени менен, санитардык чектөөлөр алынган жок. Жарандар, ишкерлер эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык нормаларын катуу сактоого милдеттүү.

Жогоруда айтылгандай, ынтымак, биримдик менен кыйынчылыктарды жеңебиз.

Жарандык жоопкерчилик менен тартипти сактап, медициналык нормаларды бузбасак, удай буюрса, бул сыноодон татыктуу өтөбүз.

Медиктерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн.

Акыркы күндөрдөгү кырдаалды эске алып, ооруканаларда кошумча орундар даярдалды. Республикалык штаб ооруга чалдыккандарды кабыл алуу, дарылоо, консультация берүү ишин ыкчам уюштурууга, жөнгө салууга милдеттүү экенин эске салам, -деди Президент.

Жарандардын жоопкерчилиги да чоң мааниге ээ

-Өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги менен катар жарандарыбыздын жоопкерчилиги да азыркы учурда чоң мааниге ээ.

Үй-бүлөбүздүн, жакындарыбыздын, өзүбүздүн жана элибиздин ден соолугу үчүн ар бирибиз жоопкербиз.

Калкыбыздын ден соолугуна кайдыгерлик кылып, элге душмандык кылбайлы.

Айрым мекендештерибиз, аткаминерлер массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташты.

Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык!

Март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларынын, башка тийиштүү кызматкерлерибиздин күн-түн дебей кылган мээнетине жасалган кыянатчылык!

Бардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого бар күч-аракетин жумшап жатса, эч кимди көзгө илбей той өткөргөндөрдө уят-сыйыт, элди сыйлоо деген сезимдердин болбогону өкүндүрөт.

Акыркы убактарда дал ушул массалык иш-чаралардан инфекция жугузгандар көбөйүп жатат.

Республикалык штаб, жергиликтүү бийлик мындай жосунсуз жоруктарды көрмөксөн, укмаксан болгонго акыңар жок!

Тиешелүү талаптарды сактабагандардын баарына мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керек.

Республикалык штаб абалдын оорлошуп баратканына себепкер болгон мындай салтанат-тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын карап чыгууга мезгил жетти. Ар бирибиз жоопкерчилик менен аң-сезимди өзгөртпөсөк — илдетти жеңүү мүмкүн эмес, -деди Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты