​Алмазбек Атамбаев пневмония болуп, ооруканага жаткырылды

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өпкөсүнүн эки жагынан пневмония болуп, ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда кечээ, 29-июнда, Атамбаев ден соолугу начарлап жатканын айткан, коронавирусту текшерүү үчүн алынган ПЧР-тесттен коронавирус аныкталган эмес, бирок пневмонияга кабылганы белгилүү болгон.

«Ошол эле күнү дарыгерлер онлайн консилиум өткөрүп, өпкөсүнөн эки тарабы сезгенгенин аныкташкан. Буга байланыштуу ал ооруканага жаткырылган. Акыркы жумада Атамбаев жактоочусу жана туугандары менен бир нече ирет жолугушуп, кагаз жана буюмдарды алган. Бирок УКМК вирусту алдын алуу үчүн абакта жолугушууларды уюштурбай, элди айнек тосмо аркылуу көрүшүүнү сунуш кылат» деп айтылат маалыматта.

УКМКнын билдиришинче, Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин жакын тууганынан коронавирус чыккан жана ал аны менен байланышта болгон.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-мүлкүн конфискациялоо менен – 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Алмазбек Атамбаев баштаган анын ондон ашык тарапташына Кой-Таш окуясы боюнча да Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш-аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты