44 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

  • 4 года мурун

29-июндагы маалыматта бир сутка ичинде өлкө боюнча 44 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы айтылды.

• Бишкек шаары – 23;
• Чүй облусунда – 14;
• Ысык-Көл облусунда – 4;
• Жалал-Абад облусунда – 2;
• Талас облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканадан чыкты.
Республикада COVID-19га кабылган медицина кызматкерлеринин саны 783 учурга жетти, алардын ичинен 431 медкызматкер айыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты