​Коронавирустан 3 бейтап каза тапты

  • 4 года мурун

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Алар-Ош облустар аралык ооруканасынан – 1969-жылы туулган аял, Жалал-Абад облустук ооруканадан – 1944-жылы туулган аял жана Аксы аймактык ооруканасынан – 1946-жылы туулган эркек.

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны өлкөдө 46 кишини түздү.

27-июнга карата республика боюнча бир суткада СOVID-19 инфекциясынын жаңы 309 учуру катталды.

Республика боюнча жалпысынан коронавируска 4513 киши кабылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты