​Президенттик аппараттын 8 кызматкеринен коронавирус тастыкталды

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын Москвага барган делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, президенттик аппарат кызматкерлери анализ тапшырышты. Анын жыйынтыгында 8 кызматкерден коронавирус тастыкталды.

Инфекциянын мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайра анализ тапшырат.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери аралыктан иштөөнү улантууда.

23-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына барган.

Москвага барганда талапка ылайык, тест тапшырганда кыргыз делегация мүчөлөрүнүн экөөнөн коронавирус аныкталгандыгы белгилүү болгон. Ошондон улам Президент Жээнбеков Москвадагы иш-чараларга катышуудан баш тарткан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты