​Кыргыз-өзбек чек ара кызматкерлери Чечмеде жолугушту

  • 4 года мурун

24-июнда Кыргызстандын чек ара кызматынын Баткен багытындагы өкүлдөрү менен Өзбекстандын чек ара кызматкерлери жолугушту.

Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Эки тараптын жолугушуусу Кадамжай районундагы Чечме айылында болду. Сүйлөшүүгө чектеш жайгашкан аймактардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ички иштер органдарынын жетекчилери да катышты.

Жолугушууда тараптар Өзбекстандын чек ара кызматы тарабынан 23-июнда Чечме айылындагы булактын жанында жүргүзүлгөн топографиялык иштерин талкуулашты. Кыргыз тарап аймакта топографиялык сүрөт, видео тартууга жана башка иштерди Кыргызстандын тиешелүү кызматтары менен макулдашуусуз жүргүзүүгө мүмкүн эместигин белгиледи. Өзбекстан тарап буга макул болду.

Жолугушуунун натыйжасында тараптар кыргыз-өзбек чек арасында жүргүзүлүүчү иш-чаралар тууралуу алдын ала маалымдоого жана макулдашууга келишти.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Чечме айылындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милиция кызматкерлери менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 23-июнда Кадамжайдагы Чечме айылында жайгашкан Чечме булакка Өзбекстандын чек арачылары келип, топографиялык иштерди жүргүзгөнүн жазып чыгышкан.

31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын Чашма айылынын (Өзбекстан) тургундары ортосунда чыр чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты