​Лукашенко Курманбек Бакиевге резиденциясынын жанынан жер тилкесин бөлүп берди

  • 4 года мурун

Беларус президенти Александр Лукашенко «Заславль–2» резиденциясынын жанынан Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге жалпы аянты 70 сотых болгон эки жер тилкесин бөлүп берди.

Бул тууралуу TUT.BY сайты өлкөнүн Кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча бирдиктүү реестрине шилтеме кылып жазды.

Жер тилкелери Лукашенконун 2019-жылдын декабрындагы чечими менен өмүрүнүн аягына чейин «кызматтык колдонуу үчүн» берилген. 45 сотых 17-мартта көмөк чарба жүргүзүүгө, 25 сотых турак-жай курууга деп бөлүнгөн.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган. Ал бийликке «Жоогазын» революциясынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Кыргызстанда Бакиев менен анын жакындары бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып, сыртынан соттолушкан. Өзүлөрү айыптоолорду четке кагып келишет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: sbaboda.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты