​Делегация мүчөлөрү кетээрде COVID-19га тест тапшырып, таза чыккан

  • 4 года мурун

Москвага Жеңиштин 75 жылдык иш-чарасына катышууга барарда кыргыз делегация мүчөлөрү коронавируска тест тапшырып, бардыгы таза чыккан. Ал эми Москвадан алардын экөөнөн, Данияр Сыдыков жана мамлекеттик күзөт кызматкеринен, коронавирус аныкталды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Москвага барганда талапка ылайык, тест тапшырганда кыргыз делегация мүчөлөрүнүн экөөнөн коронавирус аныкталгандыгы белгилүү болгон. Алардын аты эми аталды, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана мамлекеттик күзөт кызматынын бир мүчөсү. Ошондон улам Президент Жээнбеков Москвадагы иш-чараларга катышуудан баш тартты.

Келгенден кийин Президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрүнүн баары болжол менен үч күнгө обочолонуу режимине өтүшөт.

23-мартта Президент Жээнбеков баштаган делегация Москвага барган.

Коронавирус пандемиясынан улам Түркмөнстан, Азербайжан президенттери жана Армениянын өкмөт башчысы Москвада Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга барбай тургандыгын билдирген.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты