Арсыз ыкма Момбековду мокото албайт. Депутат Акаевдин билдирүүсү

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Таласта Рыскелди Момбековго акараат келтирген кишилерге каяша айтты.

-Рыскелди Момбеков карапайым элдин көйгөйүнө күйүп, жети дубанды кыдырып, адилеттүү сөзү бар саналуу депутаттардын бири. «Дүжүрлөр» армиясынын арсыз ыкмасы Момбековдой кишилерди мокото албайт, курчутат кайра. Элди бөлүп жаруудан кайра тартпаган жергиликтүү бийликтер аз убакыттан кийин жооп берет мындай кылыгына, -деди депутат Жанарбек Акаев.

23-мартта Таласта Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго жергиликтүү бир тургун тийишип, ыплас сөздөр менен сөккөн. Андагы видеону жергиликтүү каналдар да көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков — «Жаңы дем» аттуу ураан алдында стратегиялык өнөктөштүккө бириккендердин бири. Булар шайлоого чогуу барып, бийликке оппозиция болорун жарыялаган.

Меморандум 5- июнда кабыл алынды. Меморандумга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен» социалисттик партиясы), Темир Сариев («Ак шумкар» саясий партиясы), Жанарбек Акаев (Кыргыз либералдык-демократиялык партиясы), Рыскелди Момбеков (Социал-демократиялык тобу), Тилек Токтогазиев («Жаңы Дем» жаштар бирикмеси) жана Азамат Темиркулов («Жашыл күчтɵрдүн коалициясы») кол коюшту.

Булар шайлоого чогуу барып, бийликке оппозиция болорун жарыялаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты