​Өкмөт: Дарыгерлердин кошумча маянасы төлөнгөн

  • 4 года мурун

Коронавирус жуккан бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы үч ай үчүн төлөнүп берилген. Эгерде кайсы бир кызматкерге кошумча акча тийбесе, бул үчүн ошол медициналык жайдын жетекчиси жооптуу.

Бул тууралуу 23-июнда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, мамлекет кепилдеген айлык маяна үзгүлтүксүз төлөнүп берилүүдө, коронавирус шартында иштегендерге кошумча акча да төлөндү:

«Биринчиден, кепилденген айлык маянаны төлөп берип жатабыз. Экинчиден, оорунун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине кошумча төлөм март, апрель жана май айлары үчүн депозиттик эсептерине которуп бергенбиз. Стационарда иштеген факт түрүндөгү бир күн үчүн дарыгерлерге 2300 сом, орто медперсоналга 2000 сом жана кенже медперсоналга 1800 сом төлөнүп берилиши керек. График боюнча иштеген ар бир саат үчүн дарыгерлерге 100, орто медперсоналга 90, кенже медперсоналга 80 сом төлөнүп берилет. Ал эми “Тез жардам” кызматында иштегендерге оору жуккан ар бир бейтап үчүн доктурга 600, орто медперсоналга 500 жана кенже медперсоналга 400 сом каралган».

Кыргызстанда 18-марттан 23-июнга чейин коронавирус 3519 адамга жукту, алардын 41и каза тапты, 2054ү айыгып чыкты.

Оору жуккандардын 604ү медицина кызматкерлери, алардын экөө каза тапкан.

Өкмөттүн чечимине ылайык, илдет жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөнүп берилери айтылган.

Кепилденген айлык бюджеттен төлөнөт, ал эми кошумча маянаны өкмөт Саламаттык сактоо министрлигинде коронавирус башталганда ачылган атайын эсепке элден түшкөн акчадан төлөп берип жаткан.

Элден чогулган акчаны бөлүштүрүү менен атайын комиссия алектенип жатат. Комиссиянын акыркы жыйынында чогулган соңку 4,5 миллион сомдун баарын ооруканаларга медициналык жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жумшоо

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты