​Алмазбек Атамбаевдин кайсы мүлкү конфискацияланат? (Тизме)

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлык, наамдарынан ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Алмазбек Атамбаевдин конфискациялана турган мүлкү:

— «Тойота Ленд Крузер» автоунаасы (2000-жылы чыккан);

— «Митсубиси Паджеро» автоунаасы (1997-жылы чыккан);

— «Тойота Ленд Крузер» автоунаасы (1998-жылы чыккан);

— «МАН» автоунаасы (1993-жылы чыккан) ;

— «BMW X-53» үлгүсүндөгү унаа (20111-жылы чыгарылган);

— Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилкеси;

— Ысык-Көл районундагы курорттук жер тилкеси;

— Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жайыты;

— Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жер тилкеси;

— Кой-Таш айылындагы көп жылдык бак-дарактар;

— Кой-Таш айылындагы жер тилкеси;

— Кой-Таш айылындагы дарылануу борбору;

— Арашан айылындагы турак жай;

— Арашан айылындагы бак-дарактар;

— «Медиа Форум» ААК;

— Бишкектеги эки жер тилкеси;

— Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө жайгашкан имараты;

— «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасы;

— Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы толук бүтө элек обьектиси;

— Ысык-Көл районундагы толук бүтө элек обьектиси;

— Ысык-Көл районундагы жер тилкеси;

— «Апрель ТВ» ЖЧК;

— «Апрель» ЖЧК;

— «Канал Ди» ЖЧК;

— «Кыргызавтомаш» ишканалар ассоциациясы;

— Арзандатуу ыйгарылган банктык ячейкалары жана банктардагы эсептик карточкалары: «Кыргызкоммерцбанк», » Кыргызстан Коммерциялык банкы «, «Оптима банк», «Кыргызстан-Швейцария банкы», «Капитал банк», «Аман банк», «АКБ Толубай», РСК Банк, Demir Bank, БТА банк, «Доскредо банк», «Экоисламик банк», «Евразия сактык банкы», «Азия Банк», «Бакай банк», «Халык банк», Пакистандын Улуттук банкы, Кыргыз инвестициялык банкы, Финанс кредит банк, Росинбанк, «Бай Түшүм » банкы, «Финка банк», «Чанг ан банк», «Компаньон» банкы.

Ажыратыла турган сыйлыктары

Соттун өкүмү менен Алмазбек Атамбев төмөнкү мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылды:

— II даражадагы «Манас» ордени (мамлекет башчысынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы жарлыгы менен ыйгарылган);

— «Данакер» ордени (2017-жылдын 27-ноябрында сыйланган);

— «Даңк» төш белгиси (1999-жылдын 22-апрелинде сыйланган);

— Номиналдык саат (2011-жылдын 29-ноябрында тартууланган).

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үй-мүлкүн конфискациялоо менен – 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты