​Беларуста президенттик шайлоого жети талапкер ат салышууда

  • 4 года мурун

Беларуста кол топтоо баскычынан кийин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген жети талапкер калды.

Бул тууралуу дүйшөмбү күнү өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) башчысы Лидия Ермошина билдирди.

Анын айтымында, чогулган колтамгаларды учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко, Белгазпромбанктын мурдагы жетекчиси Виктор Бабарико, Жогорку технологиялар паркынын мурдагы башчысы Валерий Цепкало, блогер Сергей Тихановскийдин жубайы Светлана Тахновская, экс-депутат Анна Канопацкая, «Чындыкты айт» коомдук бирикмесинин теңтөрагасы Андрей Дмитриев жана «Беларус социал-демократиялык партиясынын» төрагасы Сергей Черечень тапшырды. Сегиз киши президенттик жарыштан четтеди.

Ермошина 22-июнга карата талапкер катары каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтер топтомун Бабарико гана тапшырганын кошумчалады.

18-июнда Виктор Бабарико өзүнүн демилгелүү тобун жетектеген уулу менен бирге кармалганы белгилүү болгон. Аларга кайсы беренелер боюнча айып тагылганы айтылган эмес.

Мамлекеттик көзөмөл комитети Бабарикону «мыйзамсыз ишмердүүлүктүн түздөн-түз уюштуруучусу жана жетекчиси» деп атаган. Мекеме башчысы Иван Тертель чет өлкөлөргө ири өлчөмдө акча чыгарып кетүү боюнча схема аныкталганын билдирген.

11-июнда Белгазпромбанктагы тинтүүдөн кийин «Салыктан качуу» жана «Кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20га жакын киши камакка алынган.

Бабарико 9-августка белгиленген президенттик шайлоодо Лукашенконун башкы атаандашы катары эсептелүүдө.

Май айынан бери Беларустун бир катар шаарларында альтернативдүү талапкерлерди колдогон массалык акциялар өтүүдө. Алардын жүрүшүндө бир нече активист, саясатчы жана блогер 15 суткага камакка алынды.

Өткөн жумада Минскте кармалган активисттерге тилектештик билдирген акция өттү. Милиция кеминде 270 кишини кармады. Алардын арасында иш-чараны чагылдырып жүргөн «Азаттыктын» беларус кызматынын, Reuters агенттигинин, TUT.BY, Onliner.by сайттарынын жана башка басылмалардын журналисттери да бар.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты