Корея, Япония жана Филиппинден 19 кыргызстандык келди

  • 4 года мурун

23-июнда КР ТИМ менен Казакстан тараптын биргелешип аракеттешүүсүнүн негизинде КРнын 19 жараны, Корея (4), Япония (6) жана Филиппинден (9) учуп келди.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу алкагында жүргузулгөн иштердин негизинде буо каттам ишке ашырылды.

Биздин жарандар Токио, Манила жана Сеул шаарларынан «Air Astana» казак авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматы шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Бишкек шаарына атайын транспорт менен алынып келди.

Кайткан жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты