​Жогорку Кеңеште эки депутат, үч кызматкер коронавируска кабылды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Алардын баары обочолонгонун парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирип, айрым сайттар жазгандай «беш депутаттан коронавирус чыкты» деген маалыматты четке какты.

Этика жана коопсуздук чараларынан улам инфекция жуктурган депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин ысымдары ачык айтылбайт.

Басма сөз кызматынын жетекчисинин билдиргенине караганда, вируска чалдыккан эки депутаттын биринен жаңы аныкталды. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдиновго вирус жукканы кабарланган.

«Соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук медициналык текшерүүдөн өтүп бүтө элек»,- деди Нуракун уулу.

Ибраим Нуракун уулу өзү да коронавируска кабылып, учурда Токмоктогу ооруканада дарыланууда. Ал — Жогорку Кеңештин аппаратындагы коронавирус жуктурган үч кызматкердин бири.

Соңку бир суткада коронавирус 205 кишиден табылды.

22-июндагы маадымат боюнча өлкөдө бир суткада COVID-19 вирусунун 205 учуру катталды.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 3356га жетти.

Өткөн суткада айыгып, ооруканадан чыккандар 10 киши болду. Айыгып кеткендердин жалпы саны 2021 болду.

3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Жалпы каза болгондордун саны 40 кишини түздү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты