Колл-борборго кайрылгандар көбөйдү

  • 4 года мурун

Июнь айында коронавируска байланыштуу суроолор менен жарандардын кайрылуусу кескин өстү.

Ушуга байланыштуу, 21-июнда республикалык штабдын жана саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү.

-Бүгүнкү күндө 118 ыкчам номери боюнча 14 линия 24 саат бою иштеп кеңеш берүүдө. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору иштөөдө. Жарандар жашаган жери боюнча ҮМБ кайрылып, кеңеш ала алыша”, — деп билдирди Бишкек мэриясынын саламаттык сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова.

Анын айтымында, колл-борборго кайрылгандардын 50 пайызы медицинага байланыштуу эмес, кеңеш алуу максатында кайрылгандар, бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созулат.

Бүгүн, 22-июнга, карата өлкөдө бир суткада COVID-19 вирусунун 205 учуру катталды.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 3356га жетти.

Өткөн суткада айыгып, ооруканадан чыккандар 10 киши болду. Айыгып кеткендердин жалпы саны 2021 болду.

3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Жалпы каза болгондордун саны 40 кишини түздү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты