Бир суткада 26 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 26 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

• Бишкек шаарында – 6;
• Чүй облусунда – 3;
• Ош шаарында – 2;
• Ош облусунда – 4;
• Баткен облусунда – 2;
• Ысык-Көл облусунда – 6;
• Нарын облусунда – 2;
• Талас облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 582 учур катталды, алардын ичинен 387 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүн, 22-июнга, карата өлкөдө бир суткада COVID-19 вирусунун 205 учуру катталды.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 3356га жетти.

Өткөн суткада айыгып, ооруканадан чыккандар 10 киши болду. Айыгып кеткендердин жалпы саны 2021 болду.

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Жалпы каза болгондордун саны 40 кишини түздү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты