Милициянын генерал-лейтенанты, экс- депутат Болот Шер дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

Милициянын генерал-лейтенанты, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын эксдепутаты, «Ата Мекен» партиясынын теңтөрагасы Болот Шер 61 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияз “Фейсбук” баракчасына жазды.

“Баатырыбыз дагы, асылыбыз дагы Бокемден айрылып калдык. Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11 де өтөт” деп жазды ал.

11-июнда Болот Шер дагы инсульт алып, ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Болот Шердин абалы оорлоп, реанимацияга алынганы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер 1959-жылы Таласта, Манас районундагы Чоң-Капка айылында туулган.

Ал 2010-жылдагы революциядан кийин ички иштер министри да болуп кызмат өтөгөн.



«ПолитКлиника» медиасы кыргыз элинин татыктуу уулу Болот Шердин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шерге терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты