​Дагы 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Чүй облусунда – 4, Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда – 2ден, Ош жана Баткен облустарында 1ден учур катталды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 556 учур катталды, алардын ичинен 387 медкызматкер айыкты.

21-июнга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 170 учуру катталды. Эки бейтап каза тапты.

Республикада вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3151ге жетти.

Бир суткада ооруканадан айыгып чыккандардын саны 30 болду. Вирустан арылгандардын бардык саны 2011ге жетти. Каза тапкандардын саны 37 кишини түздү.

Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Иллюстрациялык сүт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты