​Ошко Москвадан кыргызстандык 325 жаран келди

  • 4 года мурун

Бүгүн, 20-июнда, Кыргызстанга «Аэрофлот – Россия авиалиниясынын» «Москва – Ош» багыты боюнча Россиядан Кыргызстандын 325 жараны, анын ичинде жаш балдар кайтып келди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Каттамдын орундуктары чектелүү болгондуктан жана Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспорасынын, Москва шаарындагы медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Россиядагы Кыргыз элчилигинин кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия тарабынан түзүлгөн.

Келгендер обсервацияга алынат.

Коронавирус пандемиясынан улам чет өлкөлөрдө келе албай жаткан жарандарды алып келүү иштери улантылмакчы.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты