​Депутаттын коронавирус жугузуп алганы ырасталды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы ырасталды.

20-июндагы маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жогорку Кеңеш депутаттарынын баары лабораториялык ПЧР анализ тапшырышкан, калган депутаттардын анализи таза чыккан.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Жалал-Абад мэри Мураталы Тагаев, Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаев коронавирус илдетине чалдыкканы маалым болгон.

20-июнга карата Кыргызстанда 192 адамдан коронавирус илдети аныкталды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты