​Бишкек мэри Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алды

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алды.

Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

-Тилекке каршы Азиз Суракматовдун COVID-19га тапшырган кийинки тестинен вирус аныкталды.

Кийинки үч күндөн бери мэр изоляцияда, дене табы табы бир аз көтөрүңкү, үйдөн иштеп жатат.

Шаардык жана оперативдүү штаб, шаардык кызматтар жана түзүмдөр адаттагыдай эле иштөөдө, -деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жана Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов коронавируска кабылганы белгилүү болгон.

20-июнга карата өлкөдө бир күндө COVID-19 вирусунун жаңы 192 учуру аныкталды. Анын ичинен Бишкек шаарында 94 болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты