Пакистандагы кыргызстандыктар кайтып келди

  • 4 года мурун

Пакистандан кечээ, 19-июнда, кыргызстандык 94 жаран кайтып келди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Алар «Pakistan International Airlines» авиакомпаниясынын Исламабад-Бишкек-Исламабад каттамы боюнча чартердик рейси менен учуп келишти.
Бул каттам Пакистандан Кыргызстандын жарандарын алып келип, кайра мындагы өз жарандарын алып кетет.
Кайткандар медициналык чаралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты