​180 уюм «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» мыйзам долбоорун колдобоого чакырды

Кыргызстанда 175 өкмөттүк эмес уюм өкүлдөрү парламент депутаттарына кайрылуу жолдоп, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун колдобоого чакырып, Жогорку Кеңештин депутаттарына Кайрылуу кабыл алды.

2020-жылдын 15-июнунда дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим жана маданият боюнча комитети буларды колдоду. Комитет бул мыйзам долбоору боюнча колдогон корутундуну кабыл алынган тиешелүү процедураларды орой бузуу менен кабыл алды.

Айтсак, комитет бул мыйзам долбоорун талкуулоону коомчулуктун өкүлдөрүн катыштырбай жабык өткөргөн (берилген 3 күндүн ордуна, комитеттин жыйыны болгон күнү кошумча күн тартибин жарыялоо менен).

Комитет бул жыйынды ачык өткөрүүдө жана корутундуну даярдоодо Регламенттин 51-беренесинин талаптарын аткарган эмес, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27 беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 27-беренесинин 10-пунктун, Жогорку Кеңештин ачык жыйындарына жана ага жарандардын жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн катышуусу тууралуу Жобонун 5-пунктун бузган.

Комитет бул мыйзам долбоору боюнча юстиция министрлигинин салык органындагы ыйгарым укуктуу органы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, өкмөттүн жаңы корутундусун сураган эмес, эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса мамлекеттик бюджетке келе турган экономикалык коркунучтар жөнүндө КР Финансы министрлиги менен макулдашуу өткөрүлгөн эмес. Мыйзам долбоорун талкуулоодо жана корутундуну даярдоодо комитет Венециан комиссиясынын расмий эмес жана көз каранды эмес экспертизалардын корутундуларын эске алган жок.

Мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдарга тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү түзүп, ошол эле убакта ал коммерциялык эмес уюмдардын башка формаларындагы ишмердүүлүктөрдү, айталы диний уюмдарды, саясый партияларды, кесиптик кошуундарды жана башка КЭУларды, ошондой эле коммерциялык уюмдардын ишмердүүлүктөрүн жөнгө салууда паралелдүү колдонулбайт.

Мамлекеттик салык органдарына кошумча отчеттуулук боюнча дискриминациялык ченем кирген КЭУлардын тизмесине, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам менен иш алып барышкан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер кирген эмес. Эл аралык практика менен шайкеш келүү үчүн, КЭУлардын ишмердүүлүгүн укуктук жактан жөнгө салуу, коммерциялык уюмдардын ишмердүүлүктөрүн укуктук жактан жөнгө салуу менен бирдей болушу зарыл.

Демилгечилер башка өлкөлөрдөгү КЭУлардын эл алдында отчет берүүлөрү тууралуу үлгүлөрдү келтирүү менен абдан маанилүү нерсени көрсөтпөй жатышат, эл алдында отчет берүүлөр жеңилдетилген салыктарды төлөөлөргө жана мамлекеттик каржылоого жол берүүгө түздөн-түз байланышкан. Мисалы, Казакстан өкмөттүк эмес уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн, жылына 35 миллион АКШ долларын бөлүп берет. Россияда коммерциялык эмес уюмдар социалдык кызматтарды көрсөтүүсү үчүн жылыга 85 миллион АКШ долларын бөлүп турат.

Демилгечилер беттегенинен кайтпай аракет кылып жаткан бул мыйзам долбоору, КР Президентинин Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрүнүн институтун өнүктүрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук стратегиясында чагылдырылган демилгелерине каршы келет. Алсак, жарандык коом жөнүндөгү бөлүмдө орто мөөнөт үчүн төрт приоритеттүү тапшырмалар аныкталган. Жогорудагы өзгөртүүлөр Улуттук стратегиянын алкагында жарандык коомдун өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган эмес, тескерисинче, ага карама-каршы келип жарандык коомдун уюмдарынын ишмердүүлүктөрүн жасалма чектөөлөргө алып келип жана коомдогу ажырымдын тереңдешине багытталган.

Демилгечи-депутаттардын чыныгы максаты – акыйкатсыз мыйзамдарга жана мамлекеттик иштерге каршы чыгып, коррупцияны жоюуга чакырык жасаган, адилеттүүлүктү талап кылган, тең укуктуу мамиле кылууну жана эркиндикти талап кылган уюмдарды жаманатты кылып жана аларды желмогуз көрсөтүү аракети болууда. КЭУлардын дарегине мыйзам демилгечилери тарабынан айтылган бардык айыптоолор негизсиз жана ойлоп чыгарылган, бирок алар атайылап адаштырууга аракет кылып жатышат. Анткени Кыргызстандын көз карандысыздыкка жеткен учурунан бери КЭУларды Кыргызстанга зыян келтире тургандай колдонгон бир дагы факты болгон эмес. Биз, Кыргызстандын коомдук уюмдарынын активисттери жана лидерлери, демилгечилер тарабынан жасалып жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүктөрүн жаманаттыга чыгарууларга жана куру сөз менен айыптоолорго чечкиндүү каршы экендигибизди билдиребиз. Биз улуттук коопсуздукка коркунуч келтирип жаткан уюмдар бюрократиялык тоскоолдуктар жана мыйзамдуу иш алып барышкан КЭУларды тоталдуу текшерүүлөр менен эмес, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарын бузуу фактылары менен аныкталыш керек экендигине бекем ишенебиз.

Мыйзам долбоору “КЭУлар үчүн чет элдик жардам – бул Кыргызстанга коркунуч келтирип дестабилизация кыла турган күч” идеясына терең сугарылган. Бирок Кыргызстан үчүн келип жаткан чет элдик жардамдарын көбү мамлекеттик органдар аркылуу берилип келет. Алсак, биздин өлкөбүз көз карандысыздыкка жетишкенден бери 9 млрд. АКШ доллары турган чет элдик жардам алган. Алардын ичинен 70 пайызы кредиттер, сырткы карыздын коэффициенти өлкөнүн ИДПсына карата 60 пайызды түзөт. Бүгүнкү күндө биздин карыз 4 млрд. АКШ долларына барабар.

КЭУлардын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына олуттуу шайкеш келип жанаадам укуктарын коргоо менен демократиялык укуктук өлкө куруу боюнча биздин өлкөнүн Конституциясында көрсөтүлгөн максаттарга туура келе тургандыгын билдиребиз.

Жарандардын биригүүлөргө болгон укуктары тармагында таанылган стандарттардан бир топ четтеп кеткендиги үчүн КЭУлардын тынчын алган жана эл аралык эксперттердин негиздүү сынына кабылган кошумча жасалма отчеттуулук жөнүндөгү дискриминациялык мыйзам долбоорун таңуулай берүү, өлкөнүн демократиялык өнүгүшүнө абдан терс таасирин тийгизээри шексиз.

Кыргызстандын Конституциясына каршы келгендиктен бул мыйзам долбоору биздин өлкөгө коркунуч келтирет деп эсептейбиз. Биздин өлкөдө жарандык коомду өнүктүрүү үчүн шарттар 25 жылдын ичинде түзүлгөн – мыйзамдык базалар, жарандардын чечимдерди кабыл алууга катышууларынын механизмдери жакшыртылган, мамлекеттик колдоо программалары кабыл алынган, социалдык өнөктөштүк жолго салынган. Мыйзам долбоорун кабыл алуу көпчүлүк КЭУлардын ишмердүүлүктөрүн жыйыштырууга алып келип, калктын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына чоң зыян келтирип, ошондой эле эл аралык аренадагы Кыргызстандын демократиялык өлкө катары имиджине сокку урат. Мыйзам долбоорунун дискриминациялык мүнөздө экендигин, анын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин, ошондой эле аны кабыл алуудан коом үчүн терс натыйжаларынэске алып, жоопкерчиликти сезүү менен

Биз чакырык менен кайрылабыз:
Жогорку Кеңеш депутаттары Б. Райымкулов, У. Кыдыралиев, У. Примов, Ж. Мусабекова, Б. Турусбеков, М. Маматалиев, Е. Строкова, А. Исмаилова 2020-жылдын 6-февралында демилгелеп чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик каттоосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары)” жөнүндөгү мыйзамдык демилгени колдобоого чакырабыз, -деп айтылат Кайрылууда.

Мыйзам долбоору 4 типтеги коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) – коомдук фонддордун, коомдук бирикмелердин, юридикалык бирикмелердин жана жеке мекемелердин отчеттуулугу үчүн дискриминациялык жана түйшүктүү талаптарды киргизип жатат:

  • Акысыз негизде берилген материалдык жана акча каражаттарынын негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди эске албаганда) КЭУ, жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына, өткөн жылдагы ишмердиги үчүн акча каражатттарын топтоонун булактары, аларды сарптоонун багыттары, ошондой эле сатып алынган, колдонуп жаткан жана ээликтен ажыратылган мүлктөр жөнүндө жыйынтык маалыматты жайгаштырат.
  • Маалыматты жайгаштыруу формасы жана тартиби (КР Конституциясынын 20-беренесинин экинчи бөлүгүн бузуу менен) КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.
  • Эгер 1 жылдын ичинде алар салык органына отчет бербесе, салык органы юридикалык жакты күчкө салуу менен жаптыруу боюнча сотко кайрылууга укугу бар.

Парламенттин 18-июндагы жыйынында өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова жана мурдагы депутат Аида Исмаилова. Марлен Маматалиев кийинчерээк бул мыйзам долбоорунун демилгечилигинен баш тарткан.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты