Нурсултан Назарбаевге коронавирус жукту

  • 4 года мурун

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге коронавирус жугуп калды.

Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай Твиттер баракчасына жазганын РИА Новости агенттиги жазды.

«Тилекке каршы элбашынын кийинки тести коронавирусту тастыктады. Тынчсызданууга негиз жок. Нурсултан Назарбаев аралыкты сактап, иштөөсүн улантып жатат» деп билдирди ал.

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын (мажлис) төрагасы Нурлан Нигматулин, саламаттык сактоо министри 14-июнда Елжан Биртанов коронавируска кабылып, инфекциялык ооруканага жатканын маалымдаган.

Эртеси бир нече аткаминер — премьер-министр Аскар Мамин, билим берүү министри Асхат Аймагамбетов, коргоо министри Нурлан Ермекбаев, айыл чарба министри Сапархан Омаров жана Жамбыл облусунун башчысы Бердибек Сапарбаев обочолонуу режимине өткөнү кабарланган.

Дагы бир нече аткаминер — премьер-министр Аскар Мамин, билим берүү министри Асхат Аймагамбетов, коргоо министри Нурлан Ермекбаев, айыл чарба министри Сапархан Омаров жана Жамбыл облусунун башчысы Бердибек Сапарбаев обочолонуу режимине өткөнү кабарланган.

Соңку маалыматтарда Казакстанда 15, 8 миң киши коронавирус жуктурду, алардын ичинен 9, 9 миң киши айыкты. 100 киши каза тапты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты