​Депутат Никитенко: «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» мыйзам долбоору буйрутма менен кабыл алынууда»

  • 4 года мурун

Депутат Наталья Никитенко 18-июнда Жогорку Кеңештеги мыйзам долбоорунун талкуусу учурунда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун саясий буйрутманын негизинде кабыл алынып жатат деп билдирди.

«Тилекке каршы бул саясий мотивацияланган мыйзам долбоору катары кабыл алынып жатат. Мен мыйзам долбооруна биринчииокууда каршы болгом. Эми өзүмдүн позициямды билдирип койгум келет. Бүгүнкү күндө отчеттуулук жөнүндө суроолор отчетту ансыз да ар кайсы органдарга ачык-айкын берип келе жаткан өкмөттүк эмес уюмдарга эмес, насыялык жана гранттык каражаттарды эң көп колдонгон, ачык-айкын эмес мамлекеттин өзүнө коюлуш керек. Реалдуу ушундай суроого жооп бергендин ордуна жөн эле алагды кылган, кошумча бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратуу аракети көрүлүп жатат. Бул мыйзам долбоору кабыл алынбашы керек деп эсептейм» деди Никитенко.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Евгения Строкова өкмөттүк эмес уюмдар башкаларды ачык болууга чакырып, өздөрү да ачык болушу керектигин билдирди.

Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова жана мурдагы депутат Аида Исмаилова. Марлен Маматалиев кийинчерээк бул мыйзам долбоорунун демилгечилигинен баш тарткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координаторунун өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго вербалдык нота жиберген. Нотада бул демилге жарандык коом өкүлдөрүн, парламент мүчөлөрүн жана эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жатканы белгиленген.

Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кандай кесепеттерге алып келээри тууралуу бул шилтемеден таанышыңыз.

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга каршы 176 уюму кайрылуу таратып, ага нааразылык билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты