​MegaCom компаниясы коронавируска чалдыккан кызматкери тууралуу маалыматты жашырган эмес

  • 4 года мурун

MegaCom компаниясы өз кызматкеринин коронавирус жуктурганын жашырды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

-Бул — ниети түз эмес, жалданган кишилердин аракети. Адатта, дарттын белгилери чыгып, дарыгерлер анализ алат, андан кийин инфекция тастыкталат.

Учурда бир кызматкерден коронавирус аныкталып, ал обсервацияга алынды. Башка кызматкерден да анализ алынды. Азыркы учурда көп кызматкерлер аралыктан иштеп жатышат.

Акысыз өргүү алууга эч ким аларды тарыз жазгыла деп кыйнаган эмес. Кеңседе бардык санитардык талаптарды актап жатабыз, — деп билдирди компаниянын басма сөз кызматы.

Социалдык тармактарда Мегаком компаниясы кызматкерлери коронавируска чалдыкканын жашырып келген деген маалымат тараган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты