​Парламентте жергиликтүү, шаар кеңештерге жана Жогорку Кеңешке шайлоону бир өткөрүү сунушталууда

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеште депутаттар Жыргалбек Турускулов, Марлен Маматалиев, Нурбек Сыдыгалиев жергиликтүү кеңештерге шайлоону парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштады.

Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бүгүн, 18-июндагы, жыйынында билдирди.

«Жергиликтүү жана шаардык Кеңештерге шайлоону Жогорку Кеңешке шайлоо менен бириктирип өткөрсөк туура болот. Бүгүнкү кырдаал ушундай болуп жатат» деп билдирди Турускулов.

Пандемия шартында эки шайлоону бир күндө өткөрсө бюджеттин чыгым да азыраак болорун айтып, БШК төрайымына кайрылды.

Эки шайлоону бир өткөрсөк үнөм болушу мүмкүн, бирок шайлоонун башка жактары каралыш керек деди төрайым.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова казынадан парламенттик шайлоого 560 млн. сом, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 56 млн. сом бөлүнгөнүн айтты. Жергиликтүү кеңештерге бөлүнгөн акчанын 24 млн. сому коротулганы белгилүү болду.

«Жергиликтүү кеңеш менен парламенттик шайлоону чогуу өткөрсөк, акча үнөмдөлүшү мүмкүн. Бирок башка маанилүү жагдайлар да каралыш керек. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү 30-ноябрга чейин аяктаса, шайлоо кийинки жылдын октябрь айынын биринчи дем алыш күнү өткөрүлөт. Эгерде ошол жылы президенттик же парламенттик шайлоо болсо шайлоону бир күндө өткөрсө болот. Бирок быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоо апрель айынын биринчи демалыш күнү өтүш керек болчу. Ал өзгөчө абалга байланыштуу токтотулуп калды. Ошондуктан укуктук жактан караганда азыркы окуя башкача абал болуп турат» деди Шайлдабекова.

Эки шайлоону бир өткөрүү сунушун башка депутаттар Марлен Маматалиев маселе акчаны үнөмдөө эмес, күзүндө шайлоону чогуву өткөрүүнү бир өткөрүп, коопсуздукту сактоо сунушун кршумчалады. Депутат Нурбек Сыдыгалиев да сунушту колдоп чыкты.

Кыргызстанда 12-апрелде беш шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Буга чейин Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерин шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталган. Алар 13-марттан тартып үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты