Боронов: «Өкмөттөгү негизги артыкчылык – экономикалык кыскарууларды токтотуу»

  • 4 года мурун

Өкмөт ишиндеги негизги артыкчылык – COVID-19 байланыштуу жаралган экономикалык кыскарууларды токтотуп калуу.

Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Экономикалык кайра түзүүлөр ИДПнын жыл сайын өсүү темпинин 4%дан кем эмес камсыздоо болчу. Биз 2019-жылдын жыйынтыгы менен аны 4,5%га аткардык. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык активдүүлүк басаңдады. Май айынын жарымына чейин экономикалык кыймыл токтоду. Өкмөт эпидемиологиялык кырдаал күч алганга чейин өлкөнүн экономикалык болжолдорун эсептеп чыккан. Анда болжол менен ИДПнын көлөмү 5,3%га чейин кыскарат деп болжолдонгон.

2020-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 186,3 млрд сомду түзүп, 4,8%га кыскарды. Кумтөр кенин кошпой алганда, бул көрсөткүч 6,4%га азайды. Түз эле айтышым керек, менин максатым – экономиканы калыбына келтирип, жылдын аягына чейин ИДПнын төмөндөөсүн болжолдонгон 5,3%дан ылдый түшүп кетпөөсүн камсыз кылуу», — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Жогорку Кеңеш жыйынында Кубатбек Бороновдун өкмөт башчылыкка талапкерлиги жана жаңы өкмөттүн курамы каралды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты