Коронавирустан дагы бир бейтап каза болду

  • 4 года мурун

Өткөн сутка ичинде Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан 36 жаштагы эркек киши COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 30 кишини түздү.

16 -июнда Ош облусттук бириктирилген ооруканасында бир бейтап COVID-19 вирусу тастыкталган, рак оорусунан каза болгон 53 жаштагы киши жалпы статистикага киргизилди.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

17-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирустун жаңы 90 учуру катталды.

Вирус жугузгандардын жалпы саны 2562 болду.

17-июнда вирустан 54 киши айыгып, ооруканадан чыкты. Айыккандардын жалпы саны 1901ге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты