​Фактчек: Абылгазиев МУКту аяктаган. Группалаштарынын маектери

Фейсбук колдонуучусу Айбек Хакимов экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин биографиясында көрсөтүлгөн Кыргызстан эл аралык университети боюнча пост жазган. Ал постунда “Мен ушул окуу жайдын экономика жана бизнес факультетинин биринчи студенттеринин катарында болчумун, группанын старостасы болгондуктан баары эсимде. Студенттердин арасында Абылгазиев болгон эмес” деп жазган ал. Посттун астына айрым колдонуучулар комментарий жазып, “окуган болсо группалаштары маек бермек да” деген пикирлерин калтырган. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Бул посттон кийин Кыргызстан эл аралык университети окуя боюнча түшүндүрмө берип, экс-премьер-министр окуу жайдын экономика жана бизнес факультетин магистратураны аяктаганын билдирген:

“Мухаммедкалый Абылгазиев, университеттин документтерине ылайык, 1995-жылы Экономика жана бизнес жогорку мектебинин күндүзгү магистратурасына кабыл алынып, Банк иши адистиги боюнча 1997-жылы аяктаган. Буга банк иши боюнча мамлекеттик сынактан өтүү жөнүндө №7 протоколдун көчүрмөсү, ошондой эле агымдын бүтүрүүчүлөрүнүн аты-жөнү жазылган архивден алынган документ далил болот. Тактай кетчү дагы бир нерсе, магистратуранын студенттери кечинде, ал эми бакалавриат студенттери күндүзү окушкан”, — деп айтылган билдирүүдө.

ПолитКлиника экс-премьер-министрдин группалаштары менен сүйлөшүп көрдү.

Сеиль Алкадырова Экономика министрлигинде иштейт. Ал Абылгазиев менен бир группада чогуу окунгандыгын айтты:

“Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен 1995-1997-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинин магистратура бөлүмүндө чогуу окуганбыз. Биздики кечки окуу бөлүмү болгондуктан, баарыбыз жумуштан кийин кечки саат беш жарымдан, саат 8-9дарга чейин окучубуз. Ал кезде Айдаралиев ректор болчу. Биз ал университетте магистратураны биринчилерден болуп аяктадык.

Эсимде, биринчи курска жаңы тапшырган жылы магистранттар көп болчу. Ортодон окубай кетип калган студенттер болду. Калп айтпасам ондон ашык студент аягына чейин окудук. Анын ичинде Абылгазиев да бар. Экөөбүз жердеш болуп, жакшы сүйлөшчүбүз. Окууну бүткөндөн кийин байланышып жүрүп, мен Япония окууга кеттим. Ошондон кийин байланыш үзүлүп калды. Япониядан келсем премьер-министр болуптур. Эл аралык университетте окуганы чын. Аны тастыктай турган группалаштары — биз барбыз. Комментарийге “Биз, группалаштары барбыз” деп жазып коелу деп күлүп аттык эле”, — дейт Сеил Алкадырова.

Дагы бир группалашы Зульфия Баратова ошол группада окуганын, бирок Абылгазиев эсинде жок экенин айтат.

“Кыргызстан Эл аралык университетинин кечки магистратура бөлүмүн 1997-жылы ондон ашык студент аяктаганбыз. Канча экендиги так эсимде жок. Ар бирибиздин дипломубуз бар. Баарыбыз жумуштан кийин барып окугандыктан, бири-бирибиз менен сүйлөшкөнгө деле убакыт болчу эмес. Танапис учурунда бир аз сүйлөшүп калганыбыз болбосо. Бирок, баарыбыз сабакка толук катышчубуз. Кээде эле арасынан бир, экөө келбей калбаса. Абылгазиев биз менен окуса керек. Эсимде жок. Чынында андан бери канча жыл өттү. Группалаштарымдын деле аты-жөнү эсимден чыгып калды. Анын үстүнө мен ал кезде кош бойлуу да болчумун”, — деди Зульфия Баратова.

Группалашынын бирөө Абылгазиев менен чогуу окуганын тастыктап, дипломунун сүрөтүн көрсөттү, бирок маек бергенден баш тартты

Жыйынтык: Кыргызстандын экс-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргызстан эл аралык университетинде окуган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты