​Кой-Таш окуясы: Сотто кимге кандай айып угузулду?

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 15-мартта Кой-Таш окуясы боюнча сот уланып, анда айып угузулууда.

Кой-Таш окуясы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинага жана саясатчы Равшан Жээнбековго айыбы угузулду.

Аталган кылмыш ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, М. Шаменов, Р. Карыпбек уулу, Ф. Баабиев, К. Осмоналиев, Капарбек уулу Н. жана А. Какебаевге айып тагылууда. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөндүктөн 5 кишинин кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты