​Бишкекте ири өрттөн бир киши каза тапты

Бүгүн, 15-июнда, Бишкек шаарынын Октябрь районунда, Сухе Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан набайкана, дарыкана жана тез тамактануучу жайдан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттөн бир киши каза тапты.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 6 бөлүм, штаб жана ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМ, РЭТ жана газ чарба кызматкерлери тартылган. Өрт чектөөгө алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты