700 млн сом кошумча каражат изделүүдө

  • 4 года мурун

Медицина тармагына жана укук коргоо кызматкерлери үчүн бүгүнкү күндө дээрлик 700 млн сом суммасында кошумча каражат издөө маселеси турат.

Бул тууралуу финансы министринин орун басары Марлен Амандыков билдирди.

«Медицина кызматкерлеринин жана күч түзүмдөрүнүн май айы үчүн айлык акылары каржыланды. Коронавируска каршы күрөшкө тартылган медицина кызматкерлерине март, апрель, май айлары үчүн кошумча төлөмдөр берилген. Бүгүнкү күндө дээрлик 700 млн сом суммасында кошумча каражат издөө маселеси турат, бул маселе саламаттык сактоо министрлиги менен бирге иштелүүдө. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери боюнча, учурда тизмелер такталып жана эсептер даярдалып жатат, Өкмөттүн чечиминен кийин Финансы министрлиги тарабынан каражаттар бөлүнөт» деп билдирди КР финансы министринин орун басары Амандыков.

Сүрөттө: Марлен Амандыков. gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты