Аялы күйөөсүн кечирди. Бирок кылмыш иши кыскарбайт

  • 4 года мурун

Адвокат Замир Жоошев кылмыш кодексинин 144-катуу кыйноо беренеси менен айып коюлгандардын иши кыскартууга жатпай турганын билдирди.

Анын айтымында, кылмыш-жазык кодексинин 23-беренесинде жана кылмыш-кодексинин 61-беренесинде жазылган.

Сузактагы аялын кордогон кишинин иши аягына чейин тергелип, сотко өтүшү керек деди адвокат.

Сот жазанын бирин тандап алышы керек, түзөтүү жумуштары, айыппул же 2 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратуу.

Жалал –Абад ИИБ басма сөз кызматы күйөөсүнөн кордук көргөн аял кечиргенин билдирген.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши мойнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты