Коронавируска чалдыккан медкызматкерлер көбөйүүдө

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын арасынан Бишкек шаарында – 12, Чүй облусунда – 3, Ош шаарында – 5, Ош облусунда – 2.
Ал эми стационардан бир сутка ичинде 13 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

15-июнга карата бир суткада өлкөдө COVID-19 вирусунун жаңы 87 учуру катталды.

Республикада коронавируска кабылгандардын жалпы саны 2372 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты