​Өкмөт үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин карады

Вице-министр Аида Исмаилова өкмөткө караштуу аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү.

«Бүгүн биз Сузак районунун Бек-Абад айылында орун алган үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу ыкчам чогулуп отурабыз. Мыйзамды бузган ар бир адам жоопкерчиликке тартылышы керек. Ар бир жаран жоопкерчиликтен кача албастыгын түшүнүүсү абзел, мунун өзү кылмыштардын алдын алууга шарт түзөт» деп билдирди ал.

Вице-премьер-министр белгилегендей, статистика боюнча, бир ирет орун алган зомбулук 70% учурда кайталанышы ыктымал.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын катталган саны 2013-жылы 2339 барабар болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 7178ге жеткен. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында 2319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы орун алган, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 65%га көп, муну аргасыз обочолонуу жана үй-бүлөдөгү экономикалык абалдын начарлашы менен байланыштырууга болот.

Жакында жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ал үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүлөрдү 48 саатка кармоого шарт түзөт. Бул зомбулуктун курмандыктарынын коопсуздугун камсыздоого жасалган чоң кадам. Үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжасында психологиялык жактан жабыркаган абалда мунун баарынан өтүү кыйын.

Улуттук кеңештин жыйыны Сузак районундагы үй-бүлөлүк зомбулук фактысын кароо үчүн ыкчам тартипте өткөрүлдү. Видео конференция түрүндө өткөн иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик орган жетекчилерине, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, укук коргоо орган жетекчилерине аялдарды жана балдарды зомбулуктун бардык түрүнөн коргоого багытталган мыйзам ченемдеринин кынтыксыз аткарылышын камсыздоо тапшырылды.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши мойнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.

Өнөктөштөрдүн колдоосунда Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга убактылуу баш калкалоочу жай түзүлгөн. Мында юридикалык кеңеш берилип, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча эскертмелер иштелип чыгып, түз байланыштар (102,103, 111, 112, 117) иштейт.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты