Казакстанда парламенттик шайлоо 12-августка белгиленди

  • 4 года мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жогорку палатасынын (Сенаттын) депутаттарын шайлоону 12-августта дайындоо жарлыгына кол койду.

Жарлыкта шайлоо 2020-жылы октябрда жогорку палатанын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аякташына байланыштуу экени белгиленген.

Өкмөткө шайлоого даярдык көрүүгө тапшырма берилди.

Сенаттын 47 депутатынын 32си маслихат депутаттары тарабынан тандалат, калганын өлкө президенти дайындайт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-майда спикер Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укугун токтоткон. Казакстандын Баш мыйзамына ылайык, Сенаттын спикери – мамлекет башчы отставкага кеткенде же көз жумганда мамлекет башына келет.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты