​Ошко Москвадан 355 кыргызстандык келди

  • 4 года мурун

Бүгүн, 13-июнда, Кыргызстанга «Аэрофлот-Россия авиалиния» авиакомпаниясынын «Москва-Ош» багыты боюнча Россиядан Кыргызстанга 355 жаран кайтып келди.

Бул тууралуу коронавирустун адын алуу жана ага каршы күрөшүү штабы билдирди.

Кыргызстанга кайтууну каалаганрдын саны көп болгондугуна байланыштуу, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москванын Кыргыз медициналык клиникасынан жана РФ элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Алсак, каттамга алгач төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар тандалып алынган.
Келген жарандар обсервацияга алынат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты