​Жалпысынан 429 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен Нарын облусунда – 2,
Чүй облусунда – 2.
Ал эми стационардан бир сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 429 учур катталды, алардын ичинен 339 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда 13-июнга карата бир суткада коронавирустун жаңы 41 учуру катталды.

Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2207ге жетти. 54 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Өткөн суткада коронавирустан бир киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 27 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты