Аялынын мойнуна дөңгөлөк илип, чакалап суу куюп кыйнаган кишиге кылмыш иши козголду (Видео)

Социалдык тармактарда тараган. аялын кордоп, мойнуна машинанын дөңгөлөгүнүн желимдерин илип, үстүнө чакалап суу куюп, видео тасмага тарттырган окуя 8-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айылдардын биринде болгонун Жалал –Абад ички иштер бөлүмүнөн ЖМКга билдирди.

Кордук көргөн аял Сузак райондук ИИБге арыз менен кайрылган. Бул окуя кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жоруктар кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен катталып, кийинчерээк кылмыш кодексинин 122- беренеси, катуу кыйноо боюнча катталган.

Видео: «Фейсбук» социалдык тармагынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты