«Кайнар» рестораны убактылуу жабылды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 12-июнда, карантин талабын аткарбаган Бишкектеги «Кайнар» рестораны убактылуу жабылды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, ал ресторанда көп киши катышкан иш-чара өткөрсө, бүгүн да 200 дөй киши катышкан иш-чара өткөрүп жаткандыгын мэриянын жана санэпидкөзөмөл кызматынын текшерүүсүндө аныкталган.

Кечээ, 11-июнда, Kaktus.media басылмасынын журналисти Марат Уралиев «Кайнар» ресторанында пандемия шартына каршы келген аткаминерлердин иш-чарасын чагылдырууга аракет кылганда кол салынып, ал милицияга арыз менен кайрылгандыгы белгилүү болгон.

Аталган ресторанга айып пул салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты