"Теле-радио тууралуу" мыйзам долбоору: "Кичинекей" өзгөртүүлөрдүн чоң кесепети

Аналитика

27-майда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Теле көрсөтүү жана радио уктуруу» тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламент талкуусуна алып чыгып, долбоор биринчи окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети 8-июнда "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Эми мыйзам долбоору жалпы парламент жыйынында 2 жана 3-окууда каралганы турат.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, бул ата мекендик телеканалдарга чоң сокку болуп, жабылуу коркунучуна алып келе турганын айтып, эксперттер коңгуроо кагууда.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов "Телевидение жана радио уктуруу" тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ата мекендик телеберүү жана радио уктурууну өстүрүүгө багыт алабыз деп билдирди.

«Ошолордун баарынын өнүп-өсүшү негизги милдет болуп эсептелет», - деди Жаманкулов.

Мыйзам долбоору кандай кесепеттерге алып келет?

Азамат Жаманкулов парламентте айткандай, «кичинекей өзгөртүүлөр» жергиликтүү каналдарды өстүрүүгө эмес, тескерисинче, аларды муунтуп, жок болуусуна шарт түзөт деген коркунуч бар экенин айтат ЖК депутаты Наталья Никитенко. Анын айтымында, мыйзам долбоору жергиликтүү теле-радио каналдарды өстүрбөй эле, чет элдик каналдарды коргой турганын билдирип, депутаттарды долбоорду колдобоого чакырды

"Эки чет элдик канал - РТР менен ОРТ соцпакет ичинде, алар 2019-жылдын июлунан баштап мыйзам чегинде жолго коюлган эмес, мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү мына ушуларды жолго коюуга багытталган, жергиликтүү каналдардын өсүшүнө шарт түзөлү деген нерсе аркылуу. Чет өлкөлүк күчтүү теле каналдардан кийин жергиликтүү каналдар өсүш бере албайт, тескерисинче, ал каналдар жергиликтүү каналдардын өсүшүн токтотот. Ошондуктан жергиликтүү рынокту колдоо боюнча кайрылуу болгон. Менин оюмча, мыйзамга өзгөртүү киргизүү зыян гана алып келет. Айрым мыйзам долбоорун экинчи окууда жакшыртууга болбойт, анткени алар башынан туура эмес багыт алган. Бул мыйзам дал ошондойлордун катарына кирет. Ошондуктан мен бул мыйзам долбооруна каршы добуш берүүңүздөрдү суранам", - деди Наталья Никитенко.

Ата мекендик телеканалдардын рекламасын тартып алат

Депутат Дастан Бекешев болсо ата мекендик телеканалдардын рекламасын россиялык каналдар тартып алганга жол берилет деген коркунучка көңүл бурууну өтүндү."Бул мыйзам долбоору менен 2023-жлдын 1-январына чейин эки россиялык каналга жарнак рыногуна киргенге уруксат берип жатабыз. Ансыз деле буларга бекер мультиплексти бердик. Керек болсо биз КыргызРеспубликасынын бюджетинин эсебинен россиялык эки канал бизде көрсөтүлсүн деп өзүбүз эле төлөп жатабыз. А эмнеге биз ата мекендик теле-радио компанияларга уруксат бербейбиз? Эмнеге аларга кризис учурунда мультиплекстин ижарасын жеңил кылбайбыз? Эмнеге россиялык эки чоң каналды колдоп жатабыз? Мен ошон үчүн бул мыйзамды колдобоого чакырат элем. Бул мыйзам долбоорун четке кагыш керек,- деди депутат Дастан Бекешев.

Адил, Максимдердин доору кайталанбайбы?

Бул мыйзам долбоордон ата мекендик телеканалдар кооптонуп турат. НТС теле-радио компаниясынын башкы директору Миржан Балыбаев

"Чынында жергиликтүү телерынокто кырдаал, рекламалык каражаттын түшүшү начарлап кетти. Ошондой шартта жергиликтүү телеканалдарды колдобой, чет элдик, бай телеканалдарды мамлекет эмнеге төлөтпөй жатат деген суроо бизде да бар. Мен үчүн, биринчи кезекте жетекчи, медиа менеджер катары, бул бизнес маселеси, тең укуктуу, адилет атаандаштык маселеси. Жергиликтүү телеканалдар төлөп жатсак, эмнеге чет элдик каналдар төлөбөйт деген маселе бар. Бир кездерде, Акаевдин учурунда, ошол эле россиялык каналдарга кирген рекламанын баары, анын кызы, күйөө баласына таандык “Айрекс” рекламалык агенттигинин карамагында болчу, каражат ошолордун чөнтөгүнө түшүп турган. Кийин Бакиевдин учурунда, Максим Бакиев алып, “25-кадр” деген рекламалык агенттик түзүлүп, россиялык каналдарга чыккан Кыргызстандын аймагындагы реклама ошого кетчү. Азыр РТР, ОРТде Кыргызстандын аймагындагы реклама чыкпайт, бирок эмне максатта мамлекет ошол каналдарды алып калып жатат, алар өздөрүн актабаса, Кыргызстандын эсебинен акча төлөп жатат деген суроо жаралат. Менде толук маалымат жок, бирок кесиптештерде, теле уюмдар арасында кооптонуу, шектенүү болуп турат. Балким эртең ошол теле каналдардын жок дегенде биринде рекламага жол ачылса, алардын көрүмдүүлүгүн эске алсак, алар абдан популярдуу, чынында эле атаандаштыкка туруштук бере албай, мамлекеттен бир да тыйын жардам албаган бизге, телеканалдарга, оор сокку болот деп кооптонуп жатабыз", - дейт Миржан Балыбаев.

Жергиликтүү телеканалдардын пикири эске алынган жок

"Бизди, жергиликтүү телеканал өкүлдөрүн, мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда чакырышкан жок. Мен төрага болгон Медиаиндустрия комитетинде “Теле көрсөтүү жана радио уктуруу тууралуу” мыйзам долбоорун талкууладык. Талкууда биз мындай жыйынтыкка келдик:

Бул - биринчи окууда шашылыш кабыл алынган мыйзам долбоору. Аны шашылбай, чогуу-чаран талкуулап, кемчилик жактарын оңдоп-түзөп кабыл алсак болот эле. Мыйзам долбоорумедиа коомчулукка кулак кагыш кылынбай, чагылгандай тездик менен каралып жатат.

Аталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен россиялык РТР жана ОРТ телеканалдарынын жергиликтүү жарнакка кирүү мүмкүнчүлүгүнө жол ачылат. Ошону менен жарнактар ал жакка оошуп, жергиликтүү телеканалдар жабылуу коркунучуна дуушар болот. Муну менен жергиликтүү маалымат алуу жетишсиздиги пайда болот, жергиликтүү теле каналдарга өсүүгө мүмкүнчүлүк берилбей эле, тескерисинче, алардын жабылышына шарт түзүлөт.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен жергиликтүү теле каналдар жабылып, жергиликтүү контент, мамлекеттик тилдеги берүүлөрдүн азайышына жол ачылат, -деди КР Медиа индустрия комитетинин төрагасы Евгений Тисленко.

КТРК Россиянын каналдары менен түзүлгөн келишимди ачыктабай жатат

Бизде КТРК менен Россиянын каналдарынын ортосундагы келишимде рекламанын кайсы бир бөлүгү орусиялык каналдарга кетиши мүмкүн деген чочулоо пайда болду. Ошондуктан ал келишимдердин көчүрмөсүн берүү тууралуу Коомдук теле-радио корпорациясынан берүүнү сурап кайрылдык. КТРКнын башкы редактору Жайнак Үсөн уулу "бул коммерциялык сыр" деп берүүдөн баш тартты.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” 2006-жылдын 28-декабрындагы мыйзамынын 5-беренесине ылайык жана “Коммерциялык сыр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-марты No 27 мыйзамынын 5- беренесине ылайык, жогоруда сиз сураган маалыматтар коммерциялык сыр болгондуктан, үчүнчү жакка таратуута жол берилбейт» деп жооп берди баш редактор Жайнак Үсөн уулу.

Юристтер бул коммерциялык сыр эмес деди

"Институт медиа полиси" уюмунун юристи Алтынай Исаева бул жерде коммерциялык сыр болбошу керек деген пикирин мыйзам менен негиздеди:

«Коммерциялык сыр» тууралуу мыйзамга ылайык, коммерциялык сыр мамлекеттик сыр болуп эсептелбеген, өндүрүшкө, технологияга, чарбалык субъекттин ишмердигине, алардын кызыкчылыгына каршы келет деп эсептелген учурга туура келет.

Мыйзамдын 2-беренесине ылайык, коммерциялык сыр төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:

а) ишкер субъекттери үчүн ырас эле чындыгында иш жүзүндө потенциалдуу баалуулукту түзүшү керек.

Коммерциялык сырдын объектиси болуп, максаттуу жашырылган экономикалык кызыкчылык жана өндүрүштүк-чарбачылык, башкаруу, илимий-техникалык, финансылык ишкердигин жүргүзүп жаткан тармактардын маалыматтары кирет. Мындай коргоо ишкерликтин экономикалык кызыкчылыгын көздөйт. КТРК ишкерлик субъектиси болуп эсептелбейт.

Мекеме ишкерлик менен алектене алат, бирок ал мекеменин максатына жетишине багытталышы керек.

Ал эми келишимди коммерциялык сыр деп эсептеш үчүн «Коммерциялык мыйзам тууралуу» мыйзамынын белгилери болушу керек. Ал эми КТРКнын экономикалык коопсуздугу эмнеде? КТРК мамлекеттик бюджеттен каржыланып жатат. Ошондуктан келишим тууралуу маалымат алуу коммерциялык сыр катары каралбашы керек", - дейт Исаева.

Айгүл Бакеева

Аналитикателевидениерадиомыйзам долбоору