Чек ара маселеси боюнча жумушчу топ түзүү сунушталды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 11-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закир Шарапов Кадамжай районунун тургундары чек ара маселесин чечүүнү тездетүүнү, жумушчу топ келишин талап кылып жатканын билдирди.

“Июндун ортолорунда паритеттик комиссиянын иши башталат. Ага чейин жумушчу топ картаны тактап алсын. Биринчи кезекте өзүбүзчө тактап, даяр материал менен барышыбыз керек”, -деди депутат.

31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын Чашма айылынын (Өзбекстан) тургундары ортосунда чыр чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты