Бардыгы 419 медкызматкер коронавируска чалдыкты
- 4 года мурун
11-июндагы маалыматта айтылгандай, бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен Бишкек шаарында – 9, Ош шаарында – 1. Ал эми стационардан бир сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 419 учур катталды, алардын ичинен 312 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.
11-июнга карата бир суткада коронавирустун 36 учуру катталып, жалпы саны 2120 болду.
Муну бөлүшүү