​Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба-ырайы күтүлөт

  • 4 года мурун

11-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусундп- түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…16, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу жерлерде түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаайт, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26 градус болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты