Марат Жантелиев (Некролог)

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Марат Жантелиев 9-июнда 59 жашында катуу оорудан дүйнөдөн кайтты.

Марат Жантелиев 1961-жылы 3-мартта Нарын облусунун Нарын районундагы Казан-Куйган айылында туулган. 1978 –жылы Лахол орто мектебинен аяктап, Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтунун (ВГИК) актердук факультетине тапшырып, СССРдин Эл артисти, профессор А.В.Баталовдон билим алып, окуу жайды 1982-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.
Эмгек жолун 1982-1990-жылдары Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. 1991-жылдан тартып, өмүрүнүн акырына чейин Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенип келди.
Марат Жантелиев чыгармачылык жолунда “Бопуш” деген каймана аты менен кеңири белгилүү болуп, театр жана кино тармагында, телекөрсөтүүлөрдө, концерттик программаларда сатиралык жанрдагы бир нече образдарды жогорку деңгээлде аткара алган.
Актердун кино тармагындагы алгачкы ийгилиги залкар режиссер Төлөмүш Океевдин “Кожожаш” тасмасында Саяктын ролун кайталангыс кылып жаратуу менен таанылган.

Андан бери Мосфильм” студиясынын “Очарованный странникте” Жылкычынын, “Президент жана бомжда” Бомждун образын, “Саякбай” көркөм тасмасында Саякбай Каралаевдин бейнесин чеберчилик менен аткарган. «Чиркин өмүр”, “Апамдын махабаты” сериалдарында Каке, Шаку деген кейипкерлери менен эл эсинде калды. Ал эми жаштар театрынын сахнасында “Найман эне” спектаклинде Жоломан, “Талант жана тагдыр” спектаклинде Казак режиссеру, “Үч кемпир” спектаклинде Акиш кемпир, “Көчкү” спектаклинде Карыя сындуу бир нече таасирдүү образдарды жараткан.
Марат Жантелиевдин маданият тармагына сиңирген эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамы менен сыйланган. Эл аралык Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын жана Советбек Жумадылов атындагы театралдык сыйлыктын лауреаты болгон.
Чыгаан актердун жараткан ар бир образы жана адамгерчилик бийик сапаты, жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана ага туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А. Исмаилова, С. Ибраев, К. Иманалиев, С. Шер-Нияз, А. Жаманкулов, К. Базарбаев, Ж.Саралаева, С. Раев, К. Иманалиев, М. Бектеналиев, Б. Жакиев, М. Байжиев, Г. Базаров, М. Мусаев, Ж. Сейдахматова, М.Далбаева, Н. Мамбетова, М. Алышпаев, М. Шаршенбаев, Г. Каниметова, З. Сооронбаев, Т. Абдразаева, К. Осмонов, М. Мамазаирова, Ж. Кулманбетов, Э. Айтматов, Э. Чалабаев, Т. Сманбеков , А. Жангазиев, Э.Абдыжапаров, А.Өзүбеков, А.Тургунбаева, Г. Турсунбаева ж.б.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты