​ДССУ беткап тагынуу тууралуу сунуштарын жаңылады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова брифингде жаңыланган маалымат менен бөлүштү.

Анын айтымында, беткап тагынууну — ооруну алдын алуу чараларынын бири катары кароо керек.
-Коронавирус инфекциясы кеңири таралып жатканда бардык медкызматкерлер жумуш учурунда беткап тагынуусу зарыл. Коронавирус дарты менен бейтаптар жаткырылбаган ооруканаларда, мисалы төрөт үйүндө же кардиологияда иштеген дарыгерлер дагы беткап тагынышы керек.

Вирус кеңири жайылган аймактарда, социалдык аралыкты сактоо мүмкүнчүлүгү жок учурда, 60 жаштан жогору жана өнөкөт оорулары бар адамдар беткап тагынып жүрүшү керек.
Калкты коомдук жайларда беткап тагынууга чакыруу керек: жабык имараттарда, коомдук транспортто, дүкөндөрдө жана эл көп чогулган жерде.

“Беткапты кийип жүргөндө кармалоого болбойт, COVID-19 илдети жугуп калышы мүмкүн. Беткапты туура жок кылуу керек. Алар коргоо чараларынын комплексинин бир бөлүгү болуп саналат, аралыкты 1,5-2 метр сактоо жана кол гигиенасын таза кармоо керек» деди Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова.

Ошондой эле, айрым сунуштар өзгөрүүсүз калганын билдирди. Алар төмөнкүлөр:
-COVID-19 вирусунун симптомдору бар киши өзүн-өзү изоляция кылуусу керек. Коронавирус дарты тастыкталган учурда бейтаптар изоляцияга алынып, медициналык мекемеде дарылануусу зарыл.

Ал эми, алар менен байланышта болгон жарандар үй карантинине алынышы шарт. Оорулуу адам менен бир бөлмөдө болгон жана аны карап жаткан жарандар, үйдө жана сыртка чыккан учурда дагы беткап тагынуусу зарыл.

Бардык медкызматкерлер бейтаптар менен байланышта болгондо жана дарылоодо беткап менен өздүк коргонуу каражаттарын колдонуусу керек, — деди ал.

9-июнга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2055 болду.

Беткап жана респиратордун түрлөрү тууралуу материал бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты