​Блогер Сыдымандын айткандарына кошумча экспертиза дайындалды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту блогер Элмир Сыдыман айыпталып жаткан видео боюнча кошумча комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалды.

Бул тууралуу анын адвокаты Али Магеев ЖМКга билдирди.

8-июнда Элмир Сыдымандын иши акырына чыгып, өкүм угузулмак. Прокурор аны 6 жылга эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Бирок сот адвокаттын өтүнүчүн жарым-жартылай орундатып, комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындады. Экспертиза жыйынтыгына чейин Элмир Сыдыман үй камагында болот.

Блогер Сыдыман Инстаграмм баракчасына түштүк аймактар өнүкпөгөнүн жазып, аймак аралык кастыкты козуткан деп айыпталган. Ал 18-февралда камалган. 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты